spot_img

Последние новости

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасынын журналист Канышай Мамыркулованын камалышына байланыштуу кайрылуусу

Биз массалык баш аламандыкты жаратышы мүмкүн делген маалымат таратуу айыбы тагылган журналист жана коомдук активист Канышай Мамыркулованын кармалышы боюнча терең тынчсыздануубузду билдиребиз.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын расмий маалыматына ылайык, журналистке Facebook социалдык тармагында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу жарыялаган билдирүүлөрүнүн негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча кылмыш иши козголгон. Мамыркулова «бурмаланган маалыматты» таратты, «дестабилдештирүү» жана «улуттар аралык кастыкты» козуткан аракеттерге айыпталууда.

1. Мамыркулованын билдирүүлөрүндө кылмыштын далили жок.

Биз ишти козгоого негиз болгон билдирүүлөрдү кылдаттык менен карап чыктык. Мында зомбулукка, баш аламандыкка, улуттар аралык араздашууга чакырыктар жок экени айкын көрүнүп турат. Бул — Канышай Мамыркулованын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинде кепилденген ой жүгүртүү, сөз жана өз оюн билдирүү эркиндигин бекемдеген маанилүү маселелер боюнча жарандык пикирин билдирүү — анын укугу. Пикирди кылмышка теңөө аракети Конституцияны одоно бузуу болуп саналат, ал үчүн укуктук жоопкерчилик каралган жана юридикалык бурмалоо мүнөзүнө ээ.

2. Канышай Мамыркулова көп жылдар бою өзүн жоопкерчиликтүү, объективдүү, принципиалдуу журналист катары көрсөтүп келе жатат.

Анын билдирүүлөрү ар дайым объективдүү, ал эми сындап айткандары конструктивдүү жана салмактуу мүнөзгө ээ. Белгилей кетсек, ал бир кезде азыркы президент Садыр Жапаров абакта отурганда кыйын кырдаалга туш болгон адамды коргоп позициясын ачык айтуудан корккон эмес.

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы билдирүүлөр үчүн жарандар мындан ары жоопко тартылбай турганын, сөз эркиндиги ачык коомдун пайдубалы экенин байма-бай айтып келгени менен, бүгүн Канышай Мамыркулова ачык пикири үчүн запкы жеп отурат.

Иш жүзүндө биз кооптуу кырдаалга туш болдук: сөз үчүн сурак, камакка алуу жана оор кылмыш беренелери боюнча айыптоо күч алды.

Канышай Мамыркулова өнөкөт оорулар менен жабыркагандыктан анын абакта кармалышы ден-соолугуна коркунуч жаратууда. Кошумчалай кетсек, кызы үлпөт тоюна камданып, үй-бүлөсү Канышайга муктаж болуп турган чагы.
Анын үстүнө мындай таш боордук мусулмандарды мээримдүүлүккө, сабырдуулук жана адилеттүүлүккө чакырган ыйык Рамазан айында болуп жаткандыгы жан кейитет. Бул камоо мыйзамды гана эмес, адамгерчилик жана элдин адеп-ахлак нормаларын, салттарын бузуу болуп саналат.

Буга байланыштуу Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы төмөнкүлөргө чакырат:

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана башка тергөө органдарына:

• Канышай Мамыркулованы токтоосуз бошотуп, кылмыштын далилдери жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотуу.
• Юридикалык бурмалоо практикасын жана кылмыш мыйзамдарын сөз эркиндигин чектөө куралы катары колдонууну токтотуу.

Кыргыз Республикасынын сот системасына:
• Баш коргоо чарасын тандоодо жана иштерди кароодо саясий буйруктарды эмес, мыйзамды гана жетекчиликке алуу.
• Канышай Мамыркулованын ден-соолугун эске алып, аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотуу.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго:
• Конституциянын гаранты катары – Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоону камсыз кылуу.
• Жарандарды өз пикирин билдиргендиги үчүн жоопко тартпоо тууралуу эл алдында берген убадаларыңызды аткарыңыз!

Сот-медициналык эксперттерге жана лингвисттерге:
• Мыйзамды сактоо жана тергөө тарабынан берилген корутундуларды бурмалоого катышпоо.
• Эксперт анализдин тактыгы үчүн жеке жоопкерчиликке ээ экенин унутпаңыздар!

Сөз эркиндиги мамлекетке коркунуч туудурбайт, тескерисинче, анын пайдубалы!

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы

Latest Posts

spot_imgspot_img

Не пропустите