- Уй-буй! Бул кнопкаларды кантип айырмалап, кантип музыка коюп жатасыңар? Мен өмүр бою бул жерде иштей албасам керек – деп каткырып, “Салам” радиосунда иштеп жаткандарды күлдүргөн эле. Улукбүбү Амированын медиа тармагына кадам койгон алгачкы күнү ушундай эстей калды деп эскерет журналист Сабыр Абдумомунов.
Улукбү Амирова медиадагы эмгек жолун 2001-жылы эл аралык уюмдардын көмөгү менен ачылган, Баткендеги алгачкы көз каранды эмес ЖМК – “Салам” радиосунда баштаган.
Баткен медиа коомчулугу Улукбүбүнүн келиши менен катарына мыкты уюштургуч-кесиптеш кошулганын жакшы билет. Ал башынан эле жоктон бар кылып, зеригиштүү жыйындарды майрамга айландырган жайдары жан эле. Ошо маалда ким ойлоптур, Улукбүбү кийин эркин медианы жетектеп калат деп.
Улукбүбү угармандардын, кийинчерээк көрармандардын сүйгон алып баруучусу болду.
Эл аралык уюмдардын “Салам” радиосуна каржылык колдоо келишими аяктаган соң, “ким бул чыгашалуу маалымат ишканасын колго алар экен” деп турган кезде, Улукбүбү насыя каражат таап тобокелчиликке барат. “Мына ошондо Улукбүбүнүн медиа менеджерлик жагын көрө алдык” – деп эскерет медиа тармагында башынан бирге колдоо көрсөтүп келген кесиптеши Сабыр Абдумомунов.
Анын дагы бир кесиптеши, курбусу жана устаты, медиа-эксперт Максуда Айтиева болсо, Улукбүбүнүн дагы бир максаты тууралуу буларды эскерет: — Улукбүбү чыныгы элдин кызы болду. Кайсы жерге барбасын, көргөн жакшы саамалыктардын баарын Баткенге алып келгиси келер эле. Баткенде ишке ашыргысы келер эле. АКШга алмашуу программасы менен сапарда жүрүп келип, кийин Баткен шаарында “Салам” радиосу жайгашкан 8-март көчөсүн “Бродвей” кылам деп кыялданды. Ошол учурда шаардык кеңештин депутаты эле. Кызыл линиядан заборлорду алуу боюнча чечим кабыл алынганда, биринчи болуп “Саламдын” тосмолорун алып, ичкери чегинген. «Эже, Баткенде жаштар убакыт өткөрө турган жакшыраак жери да жок. Биздин көчөнү “Бродвей” кылам. Ар бир үй менен сүйлөшүп, жарыктарды, таблолорду койдурам. Баса турган тратуарларды сонун жасатып, биздин балдар да “красивый” көчөдө кыялдана басса дейм» — деп оргуштаган ойлорун айтып атты. Ошол кыялы уулунун жүрөгүндө калган экен, апасынын көзү өткөндөн кийин эле “Саламдын” короосуна кооз жарыктарды орнотту – деп эскерет Максуда Айтиева.
Улукбүбү менен кесиптеш болуп иштеп жүргөн, бир мезгилде чогуу долбоорлорго катышып жүргөн журналист Жеңиш Айдаров Улукбүбүнүн дагы бир дилгир максаты тууралуу буларды эстейт: — Амирова өзгөчө адам эле. Ал максаттарды пландарды майда нерселерден эмес чоң нерселерге план койюп аны коркпой баштай берчү. “Салам Медианын” кеңсесинде Баткендеги ММКлар, алардын өкүлдөрүнүн башын бириктире турган долбоорду айта берчү. Ошонун алгачкы иштерин баштап “Салам Медианын” кеңсесинин сыртына атайын сүрөтчү жалдап келип, кызматташкан, өнөктөш ММКнын логотиптерин тартырып, анан ошол короосуна жаңы имарат куруп чоң залы менен куруп ошол жерге бир хаб сыяктуу чоң демилгени ишке ашырам деген аракети бар болчу. Раматылык ошол максаты ишке ашпай кетти. Жаны тынбаган Улукбүбү тура калып эле мына бул ишти жасайбыз, аткарабыз деп эле баштап кете берчү. Демилгелүү жагы активдүү болчу.
Улукбүбү Амированын лидерлик, ыктыярчылык сапаты тууралуу аны менен бир канча жыл иштешкен, учурда КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн пресс-катчысы Чолпон Бердикулова буларды эскерет: — Мен Улукбүбү Амированын кесиптеши катары анын лидерлик сапатын өзгөчө баалайт элем. Анын журналистердин арасындагы жакшылык-жамандыктарда башын бириктирип, тилектештигин бекемдеген сапаты баалоого арзыйт. Журналист катары, Баткендин кызы катары аймакта болгон маселелерге эч кайдыгер караган эмес. Ар дайым маселелердин чечилүүсүнө өзүнүн салымын кошуп келген инсан катары айтат элем. Өмүрүнүн акыркы жылы дүйнө жүзүн пандемия каптап, ошол шартта дагы баардык коомчулук карантинде үйдө олтурганда, ал ыктыярчылык иштерин жүргүзүп жүрдү. Анын эмне иш кылганын соцтармактардан да көрүүгө болот. Күн сайын журналист катары материалдарды даярдап, жергиликтүү кеңештин депутаты катары элге түшүндүрүү иштерин да жүргүзүгөн. Активист лидер катары жардамга муктаж көп балалуу, пандемия шартында иштебей акчага муктаж үй бүлөлөргө азык-түлүк, гуманитардык жардамдарды таап, аларды жеткирип жүргөндөрү да Улукбүбү эженин көйгөйлөргө кайдыгер эместигинин белгиси. Ошол аймактагы көз карандысыз “Салам Медианы” сактап калуу, аны заман талабына жараша медиа кылып өзгөртүп, өнүктүрүү дагы анын лидерлик сапатынын акыбети деп ойлоймун — деп эскерет Чолпон Бердикулова
Улукбүбү Амирова — 2001-жылдан тартып, жүрөгү токтоп калганга чейин обо толкундары аркылуу ар бир үйгө кирип, ар бир угармандын сырдашы боло алды. Үнү да башкача жылаажын эле. Угармандары аны ушунчалык жакшы көрөт эле. Аудиторияга жакындыгы — күйөрмандары Улукбүбүнү көчөдө көрүп калса, маселесин шашпай айтып беришет эле. Улукбүбүдө адамдарды тууган, жат деп бөлүү болгон эмес. Бардык адамдарга бирдей мээрим төгүп сүйлөп, колунан келген жардамын аябайт эле. Көпчүлүк киши ийгиликтүү адамдарга тартылып, проблемасы бар кишиден качат го, Улукбүбү кыйналып турган кишиге биринчи бараар эле. Бар нерсесин бергенге шашат эле, жогун карыздап алып бергенге даяр болчу. Карагыла, ошондо Улукбүбү элдин кызы болбой эмне болду!
Улукбүбү — чыныгы элдин кызы болду!